22- Январь 1953 -жылы IV, V, VI чакырылыштардагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Галина Скрипкина туулган
IV, V, VI чакырылыштардагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Галина Скрипкина туулган.
Жогорку билимдүү. 1980-жылы "юрист-укук таануучу" адистиги боюнча СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин бүткөн.
Эмгек жолун 1970-жылы юрист консултанттыктан баштаган. Андан кийин элдик судья, "Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын  адвокаттар коллегиясынын" коомдук бирикмесинин адвокаты болгон. 20 жылдан ашуун адвокаттык иш менен алектенип, Кыргыз Республикасынын сот жана укук коргоо органдарында кылмыш-жаза, жарандык жана экономикалык иштер боюнча жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого маанилүү салым кошкон.
2009-жылдан тарта – IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2010-жылдын ноябрында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка шайланган. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү.
2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаты болуп шайланган. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы.
"Эмгек ардагери" (1992-ж.) медалы, мамлекеттик тилди өнүктүргөндүгү үчүн медалы, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи.
Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан