18- Декабрь 1951 -жылы V чакырылыштагы “Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Асия Сасыкбаева туулган
V чакырылыштагы “Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Асия Сасыкбаева Нарын шаарында туулган. 
Жогорку билимдүү. 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин "англис тилин окутуучу" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1975-жылы Ленинград шаарындагы Салтыков-Щедрин атындагы китепкананын техникалык бөлүмүндө китепканачы болуу менен баштаган. 1983-жылдан 1991-жылга чейин Бишкек шаарындагы №37-орто мектепте иштеген. 
1991-1994-жылдары - Бишкек шаарындагы №47-мектептин директору; 
1999-жылдан 2001-жылга чейин - "Сорос-Кыргызстан" фондунун Директорлор кеңешинин төрайымы;
2002-2003-жылдары - "Сорос-Кыргызстан" фондунун Директорлор кеңешинин мүчөсү; 
1993-жылдан 2010-жылга чейин - «Интербилим» Эл аралык борборунун директорунун кызмат ордун ээлеген;
2010-жылдын октябры - "Ата Мекен" социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. "Ата Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитеттин мүчөсү болгон.
Даңк ордени (2011-ж.), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (2012-ж.) менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан