29- Февраль 1952 -жылы V чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Эркин Сакебаев туулган
V чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Эркин Сакебаев Ош облусунун Ош шаарында туулган.
1974-жылы Фрунзе шаарындагы политехникалык институтунун Механика факультетин аяктап, "инженер-механик" адистигин алган. Ушул эле жылдын август айында Канттагы №1 автобазага механик болуп кирип, эмгек жолун баштаган.
1975-жылдын ноябрь айында комсомолдун Кант райондук комитетинин 2-катчысы болуп шайланган. 1977-жылдын февраль айында Кыргызстан ЛКЖС Борбордук Комитетине инструктор болуп которулган.
1977-жылдын июнь айында Советтик Армиянын катарына чакырылган. Кызматты ротанын саясий бөлүгү боюнча командирдин орун басары катары өтөгөн. Аскерден кийин кайрадан Кыргызстан ЛКЖС Борбордук Комитетине инструктор кызматына кабыл алынган.
1979-жылы комсомолдун Ысык-Көл облустук комитетинин катчылыгына шайланган.
1982-жылдын январь айынан 1990-жылдын август айына чейин комсомолдук жолдомо менен РСФСРдин Тюмень облусунда СССРдин Нефть өнөр жай министрлигинде ар кандай кызматтарда иштеп жүргөн.
1990-жылдын август айында Майлуу-Сай шаарында автобазада механик болуп иштеген.
1991-жылдын февраль айында Бишкек шаарында "Ала-Тоо" кооперативинде директордун орун басары кызматын аркалаган.
1993-жылы апрель айында конкурстук негизде Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын Аппарат жетекчисинин орун басарына өткөн.
1993-жылы октябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын Уюштуруу бөлүмүнө референт-инспектор болуп которулган.
1995-жылдын апрель айында Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 1-орун басарлыгына дайындалган.
1999-жылдын январь айында Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 1-орун басарлыгына которулуп, ал эми 2000-жылдын январь айында Чүй-Токмок райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басарлыгына бекитилген.
2001-жылдын июнь айынан Орусияга барып "Лукойл" НК транспорт коплексинде жетекчи кызматтарда иштеген.
2005-жылдын январь айынан май айына чейин Жогорку Кеңеште эксперттик кызматта, 2005-жылдын декабрь айынан 2008-жылдын декабрь айына чейин Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими болуп эмгектенген.
2010-жылдын январь айында "Абдыш-Ата" ЖЧКсынын директорунун сапат иштери боюнча орун басары кызматына дайындалган.
2010-жылдын ноябрь айынан баштап Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
2011-жылы Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү комитетинин төрагасы болгон. 2013-жылдан тарта Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин төрагасынын орун басары. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан