Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов Фрунзе шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 2000-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин, 2008-жылы Бишкек каржы-экономикалык академиясынын менеджмент факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1995-2000-жылдары – курулуш жана коммерциялык компанияларда жетекчилик кызматтарда иштеген;
2000-2001-жылдары – Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн;
2005-2006-жылдары – "Кыргызмунайгаз" акционердик коомунун Маркетинг жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары;
2006-2008-жылдары – "Кыргызмунайгаз" акционердик коомунун Маркетинг жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча башкармалыгынын башчысы;
2007-2008-жылдары – "Кыргызмунайгаз" акционердик коомунун башкармалыгынын мүчөсү;
2008-2010-жылдары – "Кыргызмунайгаз" акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы;
2010-жылы - "Республика" партиясынын тизмеси аркылуу Жогорку Кеңештин депутаты;
2015-жылы - "Бир Бол" партиясынын тизмеси аркылуу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.