22- Октябрь 1946 -жылы V чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Мамат Орозбаев туулган
V чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Мамат Орозбаев Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылдык кеңешинин Туз-Бел айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1971-жылы Куйбышев атындагы Самаркан кооператив институтун бухгалтер адистиги боюнча, Экономикалык факультетин соода-экономисти адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1965-жылы Өзгөн районундагы Үлгүлүү орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими катары баштаган. Жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин институттун жолдомосу боюнча Фрунзедеги кооператив техникумунун Жалал-Абаддагы филиалынын окутуучусу катары кабыл алынган, ал жерде 1974-жылга чейин эмгектенген.
1974-1975-жылдары – Жалал-Абад универсалдуу соода базасынын соода бөлүмүнүн начальниги, директорунун орун басары;
1975-жылдын майынан 1979-жылдын июнуна чейин – Кара-Суу райондор аралык базанын директору;
1979-жылдын июнунан 1984-жылдын ноябрына чейин – Жалал-Абад универсалдуу соода базасынын директору;
1976-1979-жылдары – эл депутаттарынын Кара-Суу райондук кеңешинин депутаты;
1981-жылдан 1984-жылдары – эл депутаттарынын Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты;
1984-жылдын ноябрынан – Ош облустук  Керек-жарак союзунун башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары;
1987-жылдын апрелинен – Жалал-Абад шаардык сооданын директору, андан кийин Ош облустук аткаруу комитетинин соода башкармалыгынын начальниги;
1991-жылдын 7-майында Ош облустук керек-жарак союзунун башкармасынын төрагасы, ал эми 1992-жылдын февралында Кыргыз керек-жарак союзунун башкармасынын төрагасы болуп шайланган. 1994-жылдын июнунда кайрадан Ош облустук керек-жарак союзунун башкармасынын төрагасы болуп шайланган, ал эми 1996-жылдын октябрында – облустук керек-жарак союзунун консерва заводунун директору;
1990-1995-жылдары Жалал-Абад шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл депутаты, ал эми 1995-жылы - №37-Жаңы-Арык шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты;
1998-жылдын сентябрынан баштап - Кыргыз Республикасынын кооперативдер ассоциациясынын Ош аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, ал эми Ассоциация Ош облустук  керек-жарак союзу болуп кайра аталгандыгына байланыштуу 1999-жылдын 23-декабрынан баштап – Ош облустук керек-жарак союзунун башкармасынын төрагасы;
2006-жылдын апрелинде № 39 Куршаб шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган, ушуга байланыштуу 2006-жылдын 5-октябрында ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
2007-2010-жылдары – “ОПС” ЖЧКнын директору.
2010-жылдын октябрында Кыргызстан Социалдык-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин мүчөсү.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан