III, V, VI чакырылыштардагы “Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында туулган.
Жогорку билимдүү. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун жана Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1993-жылы жеке ишкерликтен баштаган.
2005–2007-жылдары - III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. 2006-2007-жылдары – Жогорку Кеңештин Климаттык шарттары оор, бийик тоолуу, алыскы аймактар жана райондор маселелери боюнча комиссиясын жетектеген.
2010-2012-жылдары – "Петрол Групп" ЖЧКсынын тышкы башкаруучусу.
2012-жылдын июнунда "Ата Мекен" социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп келген. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы.
2015-жылдын 4-октябрында "Ата Мекен" социалистик партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.