V чакырылыштагы “Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Уланбек Нуркулов Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жалгыз-Жаңгак айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1983-жылы Белоруссиянын Минск шаарындагы Механизация институтун бүтүргөн.
Эмгек жолун 1983-жылы Көк-Арттын совхозунда механик болуп иштөөдөн баштаган.
1984-жылы Жалал-Абад шаарында Зооветтехникумда мугалим;
1985-жылы Зооветтехникумдун Комсомол комитетинин катчысы;
1990-Жалал-Абадда партиянын шаардык комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн нускоочусу;
1991-жылы Жалал-Абад облустук тиричиликти тейлөө башкармалыгынын директорунун орун басары;
1992-жылдан тарта бизнес чөйрөсүндө;
1997-жылы Бажы инфраструктурасынын техникалык өнүгүү боюнча дирекциясынын түштүк зонасында юрист;
1998-жылы кыргыз-немец “Гарвард Компани” ишканасынын директору;
1999-жылы КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Материалдык резерв фондусунун Жалал-Абад облусу боюнча башкы адис;
2002-жылдан тарта ишкерлик менен алектенет.
2014-жылдын февралында “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына келди.