20- Декабрь 1958 -жылы V чакырылыштагы "Ата журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова туулган
V чакырылыштагы "Ата журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова Ош областынын Ноокат районунундагы Кыркол айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1980-жылы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун, 1988-жылы Алматы шаарындагы Жогорку партиялык мектептин атайын курстарын, 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.
1975-1976-жылдары – Ноокат районундагы "Таң шооласы" комсомолдук жаштар бригадасынын оператору;
1980–1981-жылдары – К.Жакыпов атындагы орто мектептин мугалими;
1981-жылдан тарта комсомолдун Ноокат райондук комитетинин бөлүм башчысы, катчысы;
1983–1988-жылдары – ЛКЖСтин Алай РК катчысы, бөлүм башчысы;
1988–1989-жылдары – коммунисттик партиянын Алай райкомунун кадр боюнча бөлүмүнүн инструктору;
1989–1991-жылдары – эл депутаттарынын Алай райкеңешинин аткаруу комитетинин жооптуу катчысы, председателдин биринчи орун басары;
1991–1992-жылдары – партиянын Алай райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн инструктору, катчысы, Алай районунун жер маселелери боюнча комитетинин инспектору;
1992–1994-жылдары – Алай районундагы Парманас атындагы орто мектептин директору;
1994–1995-жылдары – Алай райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
1995–2002-жылдары – "Мөл Булак" ишканасынын жетекчиси;
2002–2010-жылдары – жеке менчик тигүү ишканасынын жетекчиси болгон.
Бир жолу Гүлчө айылдык кеңешинин жана эки ирет Алай райондук кеңешинин депутаттыгына шайланган.
2010-жылдын октябрында "Ата журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2010-жылдын ноябрынан 2011-жылдын ноябрына чейин Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боючнча комитетинин мүчөсү болгон, 2011-жылдын ноябрынан тарта Бюджет жана финансы боюнча комитеттин мүчөсү.
2014-жылдын 6-мартында "Ата журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары болуп шайланды.
Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан