13- Август 1965 -жылы V чакырылыштагы "Ата журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Кантемир Мурзабеков туулган
V чакырылыштагы "Ата журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Кантемир Мурзабеков Таш-Көмүр шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1987-жылы Кызыл-Кыя Тоо-кен техникумунан "электр механик" адистигине ээ болгон. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин "электр станциялар" адистигин  бүтүргөн.
1984-1987 жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Эмгек жолун 1987-жылы Орусия Федерациясынын Томск шаарындагы "Контур" заводунда электр-механик болуп баштаган.
Ал эми 1992-2008-жылдары – жеке ишкер, 2008-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Бишкек шаардык материалдык техникалык камсыздоо (БШМТК) ишканасында Материалдык техникалык ресурстар бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 2009-жылдын 17-февралынан тарта ушул эле ишкананын директорунун орун басары болуп иштеген. Ал эми 2009-жылдын 29-августунда БШМТК ишканасынын директорлугуна дайындалган.
2011-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу жаңы уюшулган "Спаспромсервис" мамлекеттик ишканасында директордун орун басары кызматын аркалаган.
2013-жылдын сентябрында “Ата журт” саясый партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп келген. Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан