3- Ноябрь 1975 -жылы Экс-министр, экс-депутат Нурбек Мурашев туулган
3-ноябрь, 1975-жылы V чакырылыштагы "Республика" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашев туулган. V чакырылыштагы "Республика" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашев Жалал-Абад областынын Ноокен районундагы Сакалды айылында туулган. 
Билими – жогорку, 1996-жылы Ош технологиялык университетинин "коммерция жана менеджмент" адистигин бүтүргөн. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча магистр даражасын алган. Эмгек жолун 1997-жылы Кочкор-Ата шаардык базарынын даярдоочусу болуп иштөө менен баштаган. 
1998-1999-жылдары  Жалал-Абад областынын «Агро-Эсеп» аудитордук фирмасынын улук адиси, 1999-2000-жылдары "Ош-Эсеп" ЖЧКсынын Жалал-Абад филиалынын аудитору, 2000-2010-жылдары Ноокен районундагы Сакалды айыл округунун "Мур-Ашим" айыл чарба кооперативинин жетекчиси, "Лиматекс пахта корпорациясы" ЖЧКсынын сырье боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
2010-жылы  Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акимдин милдетин аткаруучу болуп иштеген.
2010-жылдын октябрында "Республика" саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Жогорку Кеӊештин Бюджет жана каржы комитетинин мүчөсү.
2013-жылдын июнь айынан баштап "Республика" фракциясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. 
2014-жылы февраль айында Н.Мурашев Улуттук госпиталдын ыкчам неврология бөлүмүнүн башчысы Жамалбек Тургумбаевди сабоо боюнча күнөөлөнүп, бирок бул маалыматты четке каккан. Ошол эле жылы Кочкор-Ата шаарынын шаардык кеңешинин депутаты Кабылжан Кимсанбаевди сабагандыгы тууралуу маалымат тарап, 8-майда “Республика” партиясынын кызматкерлеринин катарынан чыгарылган. Ал эми 2015-жылы Жогорку Кеңешке “Бир Бол” саясий партиясынын атынан депутаттыкка талапкерлигин койгон.
2017-жылы айыл чарба, мелиорация, тамак-аш өнөр жай министри кызматына дайындалган. 2019-жылы аталган кызматтан отставкага кеткен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан