15- Февраль 1967 -жылы
V чакырылыштагы "Ар-намыс" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Татьяна Левина туулган
V чакырылыштагы "Ар-намыс" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Татьяна Левина Фрунзе (Бишкек) шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1989-жылы Фрунзе политехникалык институтун, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын Суу-энергетикалык ресурстарды башкаруу факультетин бүтүргөн.
Эмгек ишмердүүлүгүн 1990-жылдан тартып “МБК” коммерциялык ишканасында директордун орун басарлыгынан баштаган.
2002-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясында адис;
2003-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын премьер-министринин аппаратында башкы адис;
2007-2010-жылдары Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоорлоо дирекциясында инновациялык технологиялар жана кадр саясаты департаментин жетектеген.
2010-жылдын октябрында “Ар-намыс” саясый партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогору Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү.