1- Декабрь 1973 -жылы 5-чакырылыштагы "Ата Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Жаныш Кудайбергенов туулган
V чакырылыштагы "Ата Журт" фракциясынан ЖКнын депутаты Жаныш Кудайбергенов Бишкек шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин “экономист” адистиги боюча, ал эми 2000-жылы аталган университеттин юридика факультетин бүтүргөн.
Эмгек ишмердүүлүгүн “REPLAC-ASIAltd” кыргыз-чех биргелешкен ишканасында маркетинг жана тышкы соода байланыштары боюнча менеджер болуп иштөөдөн баштаган.
1998-2000-жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Мамлекеттик карызды жана активдерди башкаруу башкармалыгынын тышкы карыз бөлүмүндө жетектөөчү адис, 2002-2004-жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кирешелер департаментинде салыктык эмес төлөмдөр башкармалыгынын башчысы;
2004-2005-жылдары – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Банктык эмес секторду өнүктүрүү агенттигинин (башкармалыгынын) директору;
2004-жылдын октябрында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланып, анын Бюджет жана финансы боюнча комиссиясынын төрагасы;
2005-жылдын декабрында III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2007-2010-жылдары - IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2011-жылдын ноябрь айында “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп келген. Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан