Эмгек жана социалдык өнүгүү министри, V чакырылыштагы "Ата журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоров Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1995-жылы Ж.Баласагын атындагы КМУУнун Экономика факультетин “финансы жана кредит” адистиги боюнча, 2003-жылы анын Юридика факультетин бүтүргөн.
Эмгек ишмердүүлүгүн 1995-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук финансы бөлүмүнүн бюджет боюнча жетектөөчү адиси болуп иштөөдөн баштаган. Финансы жана экономика министрлигинде жетектөөчү адис болуп иштеген.
Он жылдан ашуун Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарында кызмат кылган, башкармалыктын начальнигинин орун басары кызмат ордунда иштеп туруп отставкага кеткен.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматында башкармалыктын начальниги болуп иштеген.
2010-жылдын октябрь айында “Ата журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
2018-жылдын октябрь айында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалган.