6- Июль 1963 -жылы V чакырылыштагы "Ар-намыс" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Анарбек Калматов туулган
V чакырылыштагы "Ар-намыс" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Анарбек Калматов Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кош-Дөбө айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1992-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУ) Юридика факультетин “укук таануу” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1979-жылы Жаңы-Жол районундагы Ульянов атындагы колхоздо жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.
1981-1983-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1983-1985-жылдары - Жаңы-Жол районундагы Ульянов атындагы колхоздо жумушчу;
1985-1987-жылдары - КМУнун Юридика факультетинде кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасынын лаборанты;
1992-1994-жылдары Кант районунун прокуратурасында улук тергөөчү;
1994-жылы - Бишкек шаарындагы Свердлов районунун прокурорунун улук жардамчысы;
1994-1995-жылдары - Бишкек шаарынын прокуратурасынын сотто кылмыш иштерин кароого көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн прокурору;
1995-1997-жылдары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын референти;
1997-1998-жылдары - Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары;
1998-2000-жылдары - Бишкек шаарындагы Свердлов районунун прокурору;
2000-2003-жылдары – Бишкек шаарынын райондор аралык жаратылышты коргоо прокуратурасынын прокурору;
2003-2004-жылдары – Кыргыз Республикасынын адистешкен прокуратурасында экология боюнча мыйзамдардын аткарылуусуна көзөмөл жүргүзүүчү бөлүмдүн жетекчиси;
2004-2005-жылдары - Талас областынын прокурору;
2005-2008-жылдары - Ош областынын прокурору;
2008-2009-жылдары - Бишкек шаарынын прокурору болуп иштеген.
2010-жылдын октябрь айында “Ар-намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2010-жылдын 23-декабрында Жогорку Кеңештин Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, 2012-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Соттук-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон. 2012-жылдын 8-ноябрынан тарта Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы (2012-ж.) менен сыйланган
Юридика илимдеринин кандидаты. Юстициянын I класстагы кеңешчиси (полковник). Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан