1- Октябрь 1970 -жылы 5-чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Олег Домшенко туулган
V чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Олег Домшенко Фрунзе шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1993-жылы Фрунзе политехникалык институтун “инженер-куруучу” адистиги боюнча, 2009-жылы Кыргызстан эл аралык университетин, 2013-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кызыл-Кыядагы Жаратылышты пайдалануу жана технология институтун "инженер-технолог" адистиги боюнча бүтүргөн.
1995-2000-жылдары “Волга” автозаводунун (Нижный Новгород ш.) Бишкек шаарындагы расмий дистрибьютору;
2000-2007-жылдары Бишкек шаарындагы “Зенит Строй” курулуш компаниясында эмгектенген;
2008-жылы “РусДизайн” ЖЧКсынын директору;
2008-жылы М.Күрөңкеев шайлоо округунан Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер болуп көрсөтүлгөн;
2010-жылдын октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан