БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Эски-Ноокат айылында туулган.
Билими – жогорку. 1983-жылы К.Скрябин атындагы кыргыз айыл чарба институтун, 2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1983-жылы Ноокат районундагы В.Чапаев атындагы колхоздун ветеринардык врачы;
1985-1987-жылдары – Ноокат районундагы В.Чапаев атындагы колхоздун башкы ветеринардык врачы;
1987-1990-жылдары – Комсомолдун Ноокат райондук комитетинин II катчысы;
1990-1991-жылдары – компартиянын Ноокат райондук комитетинин уюштуруучусу;
1991-1995-жылдары – Ноокат райондук ветсанотрядынын жетекчиси;
1995-1996-жылдары – Ноокат районундагы Чечме-Сай айылдык комитетинин төрагасы;
1996-2000-жылдары – Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы;
2000-2002-жылдары – "Темир" мамлекеттик ишканасынын аткаруучу директору;
2000-2010-жылдары – Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп иштеген.
2010-жылы "Республика" партиясынын тизмеси аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.
2016-жылдан бери Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары болуп эмгектенип келет.