9- Март 1970 -жылы V чакырылыштагы "Ар-намыс" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Нуржана Бадыкеева туулган
V чакырылыштагы "Ар-намыс" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Нуржана Бадыкеева Фрунзе шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1992-жылы Ленинграддагы С.М.Киров атындагы текстиль жана жеңил өнөр жай институтун "химик-технолог" адистиги боюнча, 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "финансы жана кредит" адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 1992-жылы "Азиада-Капитал" холдинг компаниясында референт болуп иштөөдөн баштаган. 1995-1998-жылдары "Сиданко-Ра-Эм" кыргыз-казак компаниясында ар кандай кызматтарда иштеген.
1998-2002-жылдары - "Энесай MGLTD" ЖЧКда, 2002-2007-жылдары "Звездочка" мектеп-комплексинде башкы бухгалтер, 2007-жылы "Автотрасстрой" ЖЧКда аткаруучу директор болуп дайындалган.
2010-жылдын октябрында "Ар-намыс" саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин мүчөсү.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан