28- Сентябрь 1961 -жылы V чакырылыштагы "Ата журт" фракциясынан Жогорку Кеңешинин депутаты Таалайбек Ибраев туулган
V чакырылыштагы "Ата журт" фракциясынан Жогорку Кеңешинин депутаты Таалайбек Ибраев Нарын облусундагы Кочкор районунун Көк-Жар айылында туулган. 1979-жылы орто мектепти бүтүргөн. Билими жогорку, И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин энергетикалык факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1979-жылы 1-сентябрдан тарта Фрунзе шаарындагы №1-техникалык окуу жайында иштөөдөн баштаган.
1981-1982-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1982-1983-жылдары СМУ-1де 3-разряддагы, кийин 4-разряддагы электрослесарь болуп иштеген. 1983-жылы "Быткомбинаттын" электриги, 1987-1992-жылдары болсо эс алуу базасында 4-разряддагы электрик болуп эмгектенген.
1992-1997-жылдары “Уз” кичи ишканасынын электромонтёру болуп иштеп жүрүп, 1998-1999-жылдары Электр энергиясын керектөөчүлөргө сатуу (Электроэнергиясбыт) бөлүмүнүн текшерүүчүсү кызматына которулган. Ал жерде 1999-2001-жылдары Электр энергиясын сатып өткөрүү бөлүмүнүн инспектору кызматында иштеп келген.
2001-2002-жылдары Бишкек шаарындагы Электр энергиясын керектөөчүлөргө сатуу ишканасынын 2-категориядагы ага инспектору, 2003-2004-жылдары Электр энергиясын сатуу кызматынын башчысынын орун басары болуп иштеген Т.Ибраев 2004-жылы Сокулук РЭТ энергия сатуу ишканасынын башчылыгына дайындалган. 2004-жылы Бишкек шаарынын Электр энергиясын сатуу кызматынын башчысынын орун басарлыгына которулуп, 2005-жылы "Түндүк электр" ААКнын коммерциялык директору болуп дайындалып, 2008-жылга чейин иштеген.
2008-2010-жылдары "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары кызматында эмгектенип, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин бөлүмүнө эксперт болуп келет.
2011-2014-жылдары "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасынын башкы директорунун орун басары кызматында иштеп, 2014-2015-жылдары "Оргтехстрой" ААК башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалаган.
2015-жылдын 28-январынан тарта “Ата журт” партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан