24- Сентябрь 1883 -жылы америкалык ишкер Марс Франклин туулган
Америкалык ишкер, "Mars Incorporated" аттуу шоколад чыгаруучу компанияны негиздеген Марс Франклин АКШнын Миннесота штатындагы Ньюпорт шаарында кедей үй-бүлөдө туулган. Франклин бала кезинде полиомиелит деген илдеттин оор түрүнө кабылып, балдагы жок кыймылдай албагандыктан, мектепке дагы барган эмес. Ал үйдө отурганда апасы таттууларды жасап, сатып жан багышчу. Ошондо ашканада апасынын кылганын көрүп, бара-бара кызыгуу жаралып, таттуулар анын жашоосунун бөлүгү болуп калат. 
1902-жылы 19 жаштагы Франклин таттуу саткан жеке соодасын баштаган. Бирок кыйынчылыктардан улам үч жолу жоготууга учурап, үч жолу баарын кайрадан нөлдөн баштаган. 28 жаш курагында аялы экөө үйүндө кондитердик дүкөн ачып иштете баштаган. 1904-жылы Франклин Форест аттуу уулдуу болот. Атасы менен дүкөнгө барган кичинекей Форест сырты жок шоколаддарга нааразы болуу менен “килограммдап саткан шоколаддарды бөлүп, ар бирин сырттап сатуу керек” деген идея берет. Ошондон баштап, ал баягы батончиктерин сырттап сатууга өтөт. Соодасы жакшы жүрө баштаганда 1911-жылы “Mar-O-Bar” деген компанияны негиздешет. Ушундан баштап өйдөлөп отуруп, көп өтпөй Чикагодо 125 жумушчу иштеген биринчи фабрикасы ишке киришет. 1920-жылы Milky Way батончигин чыгара баштайт. Америкадагы экономикалык каатчылык убагында Франклин ар бир бала алып жей ала турган баа менен батончигин беш центтен саткан. Бат оозго алынган бул таттуу 1925-жылы дүйнөлүк базардан өзүнүн ордун табат. Күндөн-күнгө байып баштаган жаш ишкер ишин андан ары өркүндөтүп, атасынын наамынан Марс, андан соң Сникерс жана башка шоколаддардын түрүн чыгара баштайт. Кийин Франклиндин уулу Америкадан Англияга өз ишкерлигин баштоо үчүн сапар алып, ал жерден “M&M's” компаниясын түзүп, ийгиликтүү иштетет. Баласынын бул ийгиликтерине кубанып турган атасы капысынан жүрөк оорунун азабынан каза болгон. 1964-жылы ата-баланын эки чоң компаниясы биригип “M&M/Mars” деп аталат.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан