25- Сентябрь 1902 -жылы жазуучу Касымалы Баялинов туулган
Жазуучу Касымалы Баялинов Ысык-Көл районуна караштуу Көк-Мойнок айылында туулган. Жаш кезинен ата-энесинен ажырап, туугандарынын колунда чоңойгон. 1916-жылкы көтөрүлүштө качкындар менен бирге Кытайга барган. 
Октябрь революциясынан кийин 1918-жылы Токмокко келип, дарыканада дары-дармек ташуучу, ат багуучу, армиялык казармада ашпозчунун жардамчысы болуп жалданып иштейт. 1919-жылы К.Баялинов Ташкентте ачылган 6 айлык советтик-партиялык курсту аяктап, 1920-жылы 6 айлык педагогикалык курска катышкан. 1921-1925-жылдары Алматыдагы Казак педтехникумунда, 1929-1933-жылдары Москвада Бүткүл союздук журналистика институтунда окуган.
1920-жылы Нарын кантонунун Комсомол комитетинде иштеген. 1925-жылы К.Баялинов Москвадагы Борбордук басмакананын Кыргыз секциясына редакторлукка жөнөтүлөт. 1926-1928-жылдары жана 1935-1937-жылдары "Кыргызмамбастын" башкы редактору, 1933-1935-жылдары Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук гезитинин редактору, 1940-жылдан баштап "Советтик Кыргызстан" гезитинин башкы редактору, 1941-жылдан тарта "Ысык-Көл правдасы" облустук гезитинде эмгектенген. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан