25- Сентябрь 1907 -жылы жазуучу, акын, журналист, котормочу Саткын Сасыкбаев туулган
Жазуучу, акын, журналист, котормочу Саткын Сасыкбаев Кемин районуна караштуу Карагайлуу-Булак айылында туулуп, 1997-жылы 4-апрелде көз жумган.
Саткын Сасыкбаев 1920-жылдан тарта Токмоктогу балдар үйүнөн билим алып, 1924-жылы "Эркин-Тоо" гезитинде алгачкы айылдык кабарчылардан болуп калган. Ал эми 1925-1930-жылдары Кыргыз педтехникумунда окуп, 1930-1955-жылдары "Кызыл Кыргызстан" гезитинде адабий кызматкер, жооптуу катчы, башкы редактордун орун басары болуп эмгектенген. 1928-жылы "Миң сулуу" аңгемеси жарык көргөн. Кийин аңгеме, очерк, ыр, фельетондору жарыялана баштайт. "Кичинекей жумушчу" аттуу аңгемеси 1932-жылы өзүнчө китеп болуп чыккан.
Сасыкбаев С.Бабаевскийдин, А.Гайдардын, А.Бектин, С.Михалковдун, Ю.Королькованыны, И.Ликстановдун, С.Даниловдун ж.б. чыгармаларын которгон. 1936-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
1974-жылы “Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери" деген наамга татыктуу болгон.
Кыргыз совет адабиятын өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Ардак белгиси, Элдердин достугу ордендери, "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн", В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына “Каарман эмгеги үчүн" медалдары менен жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун бир нече Ардак грамоталары менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан