26- Сентябрь 1965 -жылы Украиналык мамлекеттик жана саясий ишмер, ишкер Пётр Порошенко туулган
Украиналык мамлекеттик жана саясий ишмер, ишкер, Украинанын 5-президенти Пётр Порошенко Белграддагы Одесса облусунда туулган. 1974-жылы ата-энеси Молдовага көчүп кетишип, Пётрдун балалыгынын көп мезгили ошол жерде өтүп, он жашынан баштап дзюдо менен машыккан. СССР убагында дзюдо боюнча спорттун чебери, кандидаты болууга жетишкен. 1989-жылы Киев мамлекеттик университетинде эл аралык мамилелер факультетин ийгиликтүү аяктап, алгачкы иш жолун какао буурчактарын сатуу менен баштаган. 1990-жылдары көптөгөн кондитердик ишканаларды жандандырууга жетишип “Рошен” компаниясын негиздеген. Бул эмгегинин натыйжасында “шоколад падышасы” деп аталган. Таттуулар менен башталган бизнеси оң жолго коюлуп, андан кийин ар тармактуу иштөөгө багыт алат. Мисалы, “Луцкий” автомобиль заводун, “Богдан” корпорациясын, “Бешинчи канал” телеканалын жана башка ар тармактуу арбын бизнестин ээси боло алган. Акчалуу ишкер 1998-жылдан баштап Украинанын саясат чөйрөсүнө баш багат. Бир катар саясий партиялардын мүчөсү, түзүүчүсү, Украинанын Жогорку Радасынын депутаты, өкмөттүн тышкы иштер министри болуп иштеп саясий карьерасын жогорулаткан. 2014-жылы Евромайдандын активдүү катышуучусу болуп жүрүп республиканын президенти болууга жетишкен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан