27- Сентябрь 1933 -жылы Дүйнөдөгү "эң жаш эне" атка конгон Лина Медина туулган
Дүйнөдөгү "эң жаш эне" атка конгон Лина Медина Перуда туулган. Ал беш жаш жети айында эле эне болууга жетишкен. Азыркы учурда ал медицинанын тарыхындагы эң жаш эне болуп эсептелинет. Линанын ата-энеси анын ичи чоңоюп кеткенинен улам доктурга кайрылышкан. Доктурлар алгач шишик бар деп ойлошсо, аздан соң Линанын жети айлык боюнда бар экени билинген. 
Ушундан бир жарым ай убакыт өткөн соң, 1939-жылдын 14-майында Лина эркек балалуу болгон. Линанын жамбаш сөөгү жакшы өөрчүбөгөнүнө байланыштуу ал эң мыкты адистердин катышуусу астында операция жолу менен көз жарган. 2 килограмм 700 грамм салмакта төрөлгөн наристеге Херардо деген ысым ыйгарышкан. Херардо Линаны өз эжесиндей көрүп чоңойгон, он жашка чыкканда гана ал өзүнүн энеси экенин билген. Ден соолугу чың болуп чоңойгону менен тилекке каршы, 1979-жылы 40 жаш курагында сөөк оорусунан каза болгон.
Кийинчерээк Медина Раул Джерадо аттуу жигитке турмушка чыгып, андан 1972-жылы экинчи эркек баласын төрөгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан