Композитор жана дирижёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1974), СССРдин эл артисти (1979), Социалдык Эмгектин Баатыры (1991) Калый Молдобасанов Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Терек айылында туулган. 1946-жылы М.Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын, 1954-жылы Чайковский атындагы Москва консерваториясынын улуттук бөлүмүн, 1973-жылы Кыргыз мамлекет искусство институтун бүтүргөн.
12 жашынан эл аспаптар оркестрине катышып, анын жетекчиси П.Ф.Шубинден таалим алган. 1954-1972-жылдары Кыргыз опера жана балет театрында дирижёр, башкы дирижёр, 1973-жылдан Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда композиция классы боюнча педагог жана Кыргыз өлкөсүнүн композиторлор союзунун төрагасынын орун басары, 1979-1996-жылдары анын төрагасы, ошол эле мезгилде 1983-1986-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору, 1996-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын башкы дирижёру жана көркөм жетекчиси болгон.
Молдобасановдун симфониялык бийлери, сюиталары, кантаталары, ондогон аспаптык пьесалары, 50дөй вокалдык чыгармалары жана башкалар бар. Ал элдик обон-күүлөрдү иштеп чыккан, эл аспаптар оркестри үчүн оригиналдуу чыгармаларды жараткан. Балдарга арналган ырлары жана аспаптык чыгармалары да арбын ("Кыргыек", "Бак тигели", "Кызыл топ", "Жамгыр" жана башкалар). Элге кеңири маалым чыгармалары: "Гүлдө, Кыргызстан" (1964), "Шаңдан, Кыргызстан" (1974) кантаталары, "Биздин күндүн адамдары", "Достук", "Бактылуу жаштык" симфониялык сюиталары, "Кыздын ыры" (1963), "Жайлоодо" (1958), "Өрттөнсүн бозой жалынга" (1961), "Көл вальсы" (1969) ырлары жана башкалар.
Алгачкы көлөмдүү чыгармасы "Куйручук" балети (Г.Окунев менен бирге) жаш композиторлордун бүткүл союздук сынагында сыйлыкка ээ болгон (1960). "Саманчы жолу" балет ораториясы кыргыз профессионалдык музыкасына жаңылык киргизген. Жер, дан, гуманизм жөнүндөгү терең мазмундуу бул чыгарма эң жогорку баатырдык менен лиризмди, терең философиялык ой жорууларды музыка менен айкалыштырган. Ал Болгария, Чехия, РСФСРдын көп шаарларында коюлган. Анын катышуусу менен "Манас" (Власов, Малдыбаев, Фере, 1966), "Белгисиз солдат" (Молчанов, 1967), "Отелло" (Верди, 1968), "Борис Годунов" (Мусоргский, 1972), "Айчүрөк" (Власов, Малдыбаев, Фере, 1986) опералары жана "Асел" (Власов, 1967) балети коюлган. Анын "Маңкурт жөнүндө баян" (1990) балети чоң ийгиликке жетишкен. Кыргыз Республикасынын Гимнинин авторлорунун бири. Ал Москва, Ленинград, Алматы, Новокузнецк жана башкалар шаарлардын театр спектаклдерине да дирижёрлук кылган. СССР мамлекет сыйлыгынын лауреаты (1976). Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (1975-1990), СССР эл депутаты (1989). Ленин, Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси", 3-даражадагы "Манас" ордендери жана медалдар менен сыйланган.