Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы (КСДП) түзүлүп, 1994-жылы 16-декабрда расмий каттоого алынган.
КСДП — өлкөдө мүчөлөрү эң көп партия. 2015-жылдын башында анын мүчөлөрү 40 миң адамдан ашкан.
КСДП курамына кыргыз интеллигенциясынын, ошондой эле ишкер чөйрөсүнүн жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрү кирген. Партияны түзүүдө Абдыганы Эркебаев, Алмазбек Атамбаев, Ишенбай Кадырбеков, Абдыжапар Тагаев жана башка бир топ адамдар демилгечи болушкан.
КСДП мүчөлөрү Жогорку Кеңештин бардык чакырылыштарына шайланган. 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышында партия 26 мандатка ээ болгон.
2010-жылдагы окуялардан кийин анын лидери Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөттүн биринчи вице-премьерлигине, андан соң өлкөнүн премьер-министрлигине дайындалган. 2011-жылы декабрда Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланганына байланыштуу партиянын мүчөлүгүнөн чыгып, анын төрагалыгынан баш тарткан. Атамбаевден кийин бул милдетти Жогорку Кеңештин V чакырылышында КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков аткара баштаган.
Акыркы жылдары партия жергиликтүү шайлоолорго активдүү катышып, жергиликтүү кеңештерге 400дөн ашык депутат шайланган.