1- Октябрь 1943 -жылы балдар жазуучусу, драматург, актёр Александр Балбекин туулган
Балдар жазуучусу, драматург, актёр Александр Балбекин Тамбов облусунун Мордва районунун Мельгун кыштагында туулган.
1961-жылы Алматыдагы орто мектепти бүтүрүп, ошол эле жылы Алматы жаш көрүүчүлөр театрынын көмөкчү курамына кабыл алынат.
1962-жылы Тамбов облустук театрына караштуу МХАТ студиясына сырттан окууга өтүп, 1965-жылга чейин окуу менен актёрлук ишмердүүлүктү бирге алып жүрөт.
1968-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Н.К.Крупская атындагы Орус драма театрында, 1969-1974-жылдары А.С.Пушкин атындагы Красноярск драма театрында иштейт. 1974-жылдан баштап кайрадан Н.К.Крупская атындагы Орус драма театрында иштеп, "Рампа" Кыргыз өлкөсүнүн артисттерине көмөк көрсөтүү фондун жетектейт.
Балбекин театрлар үчүн пьесаларды, балдар үчүн китептерди жана роман жазган. Анын "Сүйүү жөнүндө үч новелла" деген пьесасы 1996-жылы Н.К.Крупская атындагы Орус драма театрында коюлган.
1994–1995-жылдары "Түштүк курьери" гезитинде "Ал аны сүйгөн" романы жарык көргөн.
1980–1984-жылдары Пицундада (Грузия), Ереванда Армения, Пярнуда Эстония Розов, Мирошниченко, Варфоломеев, Т.Абдымомуновдордун жетекчилиги астында Республикалык чыгармачылык үйүндө драматургия боюнча адабий семинарларга катышкан.
1996-жылы Долбоорлорду иштеп чыгуу жана менеджмент боюнча курсту (ЮСАИД) аяктаган.
Өзүнүн пьесасы боюнча "Батуттагы жомоктор" спектакли менен Санкт-Петербург шаарында Эл аралык эркин искусство фестивалына катышкан.
1990-жылы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамын алып, 1993-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. 
Александр Балбекин 2014-жылы 4-январда Бишкек шаарында каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан