30- Июль 1930 -жылы Уругвайда футбол боюнча алгачкы тарыхый дүйнө чемпиондугунун финалы өткөн
Уругвайда футбол боюнча алгачкы тарыхый дүйнө чемпиондугунун финалы "Сентенарио" стадионунда Монтевидео шаарында өткөн. Матчта Уругвай менен Аргентинанын курамалары ойношуп, Уругвай Аргентинаны 4:2 эсеби менен утуп алган. 
 "Сентенарио" стадиону атайын ушул матчка курулган. Матч жергиликтүү убакыт менен 14:00дө башталган. Трибунада болжол менен 60 миң уругвайлыктар жана коңшу Аргентинадан кемелер менен сүзүп келген 20 миң аргентиналык күйөрман болгон. 
"Селестенин" капитаны Хосе Насасси Дүйнө кубогун көтөргөн алгачкы капитан болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан