4- Октябрь 1935 -жылы
сүрөтчү, айкелчи Тургунбай Садыков туулган
Кыргыз элинин таланттуу айкелчиси, Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыков Ош областындагы Баткен районунун Говгусар айылында туулган. Ал бала кезинен эле сүрөтчү болууну эңсеген. Т.Садыков өзүнүн чыгармачылык ишин республикалык, бүткүл союздук, эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнө катышуу менен 1954-жылдары баштаган. Ал көбүнчө жыгач, таш, гранит, коло, чопо материалдары менен иштеген. Белгилүү скульптордун колунан көптөгөн көрүнүктүү эмгектер жаралган. Аларга "Жеңиш" аянтындагы "Жеңиш" эстелиги, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында тургузулган "Манас" скульптуралык комплекси жана башка көптөгөн эмгектер кирет.