9- Октябрь 2002 -жылы
"Кариб деңизинин каракчылары" тасмасы тартыла баштаган
17-кылымдагы окуяны сүрөттөгөн "Кариб деңизинин каракчылары" тасмасы тартыла баштаган да, ага жалпысынан 125 миллион доллар сарпталган. Тасманын режиссёру Гор Вербински болсо, сценарийдин авторлору Тед Эллиотт, Терри Росси болушкан. Фильмде капитан Жек Воробейдин ролун Жонни Депп аткарса, Уилл Тёрнердин ролу Орландо Блумга, ал эми Элизабетт Суонндун ролу Кира Найтлиге туш келген.
Бул тасманы "Титаник", "Пёрл Харбор" фильмдери тартылган эбегейсиз чоң жасалма бассейнде тартышкан. Тартуу иштери узакка созулгандыктан, чыгармачыл топтун көпчүлүгү деңиз оорусу менен оорушкан экен. Бир күнү кокусунан өрт чыгып кетип, ижарага алган жерге зыян келтиргендери үчүн 350 миң долларга чыгым болгондору жөнүндө маалымат бар. Жонни Депптин кийимдери анын денесиндеги татуировкаларды көрсөтпөө үчүн атайын тандалып алынган. Фильмдеги Жек Воробейдин колундагы татуировка чыныгы татуировка эмес эле. Кийин фильм экранга чыкканда Депп колуна дал ошондой татуировка тарттырган. Ошондой эле анын оозундагы алтын тиштерин көрсөтпөө үчүн аларды тиш имплантанттары менен жабышкан.