Улуу комузчу, композитор, Кыргыз Эл артисти Карамолдо Орозов Ысык-Көл районунун Корумду айылында туулган. Ал 9-10 жашынан эле комузда ойноп, ар кандай күүлөрдү черте баштаган. Карамолдо Орозовдун өз аты — Токтомамбет. Ал айылдык диний мектептен билим алгандыктан, молдо аталган. Өзү кара тору жигит болгондуктан, аны Карамолдо деп коюшкан. Кийин ал белгилүү кыякчы жана комузчу Мураталы Күрөңкеевден таалим алган.