30- Июль 1863 -жылы
Америкалык өндүрүшчү Генри Форд туулган
“Форд” автомобилдик өндүрүшүн түзүүчүлөрдүн бири Генри Форд туулган.
Генри Форд дүйнө боюнча унаа куруучу заводдордун ээси жана 161 патенттин автору болгон. Ал "автоунаа бардыгы үчүн" деген ураан менен иш алып барган. Себеби анын заводдору дүйнө боюнча эң арзан унааларды чыгарган. Генри Форд түзүп кеткен "Ford Motor Company" ишканасы азыркы күнгө чейин ишин улантып келет.