13- Октябрь 1972 -жылы Режиссёр жана актёр, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин экс-министри Алтынбек Максүтов туулган
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин экс-министри, режиссёр жана актёр Алтынбек Максүтов Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында туулган. 1989-1993-жылдары Москва шаарындагы Михаил Щепкин атындагы Театралдык окуу жайда билим алган. Ал эми 1996-2000-жылдары Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуган. 1993-2013-жылдары Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында эмгектенип, 2013-2014-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда башкы режиссёр болгон. Ал эми 2014-жылдын октябрь айынан 2016-жылдын июль айына чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри болуп эмгектенген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан