14- Октябрь 1913 -жылы Акын Төлөн Шамшиев туулган
Акын Төлөн Шамшиев Өзгөн районундагы Куршаб айылында туулган. 1927-жылы Өзгөн шаарындагы интернатта, 1932-жылга чейин Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында окуган. 1932-жылы "Ленинчил жаш" гезитинде редактор болгон.
1942-1946-жылдары Т.Шамшиев Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, Улуу Ата Мекендик согушта Берлинге чейин барган. 1946-жылы аскерден келип, 1949-жылга чейин Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы радиокомитеттин төрагасынын орун басары, "Кызыл Кыргызстан" гезитинин бөлүм башчысы, Жазуучулар союзунун консультанты, Кыргызстан мамлекеттик басмасында, Кыргызстан мамлекеттик окуу педагогика басмасында редактор болуп кызмат аткарган.
Т.Шамшиев 1936-жылдан тарта СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон. 1938-1948-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин биринчи чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Т.Шамшиевдин чыгармачылык иши 1930-жылдан башталып, "Кызыл пахтачы", "Кызыл Кыргызстан", "Ленинчил жаш" гезиттерине жарыяланып турган. 1934-жылы "Отуз адыр" аттуу поэмасы өзүнчө китеп болуп чыккан жана анын чыгармалары орус, украин, латвия, армян, япон тилдерине которулган. Т.Шамшиев "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн", "Берлинди алгандыгы үчүн" жана "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиштүү аяктаганына 20 жыл", "СССРдин Куралдуу күчтөрүнө 50 жыл", "1941-1945-жылдардагы согуштун жеңишине 25 жыл", "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин отуз жылдыгы" медалдары менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан