15- Октябрь 1914 -жылы тарыхчы Бегимаалы Жамгырчинов туулган
Совет доорундагы кыргыз элинин чыгаан тарыхчысы, кыргыздан чыккан тарых илиминин алгачкы кандидаты, алгачкы доктору (1950), профессор (1951), Кыргыз илимдер академиясынын биринчи тарыхчы академиги (1954) Бегимаалы Жамгырчинов Чүй өрөөнүндөгү азыркы Сокулук районуна (мурдагы Кызыл-Аскер районуна) караштуу Күн-Туу айылында туулган.
Бегимаалы Жамгырчинов 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөндөн кийин ошол эле институтта окутуучу;
1943-1950-жылдары СССР ИАнын Кыргыз филиалында улук илимий кызматкер;
1950-1951-жылдары ошол эле филиалдын Тарых, тил жана адабият институтунда директор;
1951-1954-жылдары КМУнун ректору;
1954-1955-жылдары Кыргызстан ИАнын коомдук илимдер бөлүмүнүн академик-катчысы;
1965-1976-жылдары вице-президент;
1976-1982-жылдары Тарых институтунда сектор жана бөлүм башчы болуп эмгектенген.
Бегимаалы Жамгырчинов 1982-жылы 31-октябрда Бишкекте каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан