16- Октябрь 1886 -жылы
Азыркы Израилдин негиздөөчүлөрүнүн бири Давид Бен-Гурион төрөлгөн
Азыркы Израилдин негиздөөчүлөрүнүн бири, эки жолу өкмөт башчы болгон Давид Бен-Гурион төрөлгөн. Ал сионизмдин ишмери, Палестинадагы жөөттөр кыймылынын лидери, Израилдеги Еврейлер агенттигинин төрагасы (1935-1948), Израилдин премьер-министри (1948-1953 жана 1955-1963-жылдары), Израилдин алгачкы 10-бийлигинде коргоо министри, Израилдин 3-бийлигинде транспорт министри болгон.
Давид Бен-Гурион 1948-жылы 14-майда Израилдин эгемендүүлүгүнүн декларациясын жарыялап, Израилди башкара баштаган. Анын башкаруусунда Израиль өзүнүн эгемендүүлүгүн Араб-Израиль согушунда сактап кала алган (1947-1949).
Давид Бен-Гурион 1973-жылы 1-декабрда каза болгон.