24- Октябрь 1947 -жылы Америкалык актёр, “Оскар” сыйлыгынын ээси Кевин Клайн туулган
Америкалык актер, 1989-жылы “Оскар” сыйлыгынын ээси Кевин Клайн туулган. Индиана штатынын университетинде драмалык искусствону, музыканы жана пантомимону окуп, Жульярд драмалык мектебин бүтүргөн. Жаш кезинде театрда, анын ичинде Бродвейде ролдорду жараткан. Эки жолу барктуу болгон "Тони" сыйлыгын алган. Кино жаатына келген соң бат эле драмалык талант катары орун тапкан. Кевин Клайнды "Vanity Fair" журналы " 80-жылдардын Эррол Флинни" деп атаган. Кинематографияда алгачкы мыкты ролдору "Софинин тандоосу" (1982, "Алтын глобус" номинациясы) жана "Чоң көңүл калуу" (1983) тасмаларында болгон. "Ванда аттуу балык" (1989, экинчи пландагы мырзанын мыкты ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын алган) эксцентрдик комедиясында ойноп атактуу болгон. Актёр интеллектуалдык тасмаларда көп ойногон. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан