23- Октябрь 1923 -жылы Кыргыз эл жазуучусу, акын Жунай Мавлянов туулган
Кыргыз эл жазуучусу, акын Жунай Мавлянов Жаңы-Жол районундагы Кош-Дөбө айылында туулган. Ж.Мавляновдун илим-билим жана адабият тармагына кошкон салымы зор. Анын биринчи ырлар жыйнагы “Жүрөк” деген ат менен 1960-жылы чыккан. Акындын "Аркыт гүлдөрү" деген ыр жыйнагы учурунда жылуу кабыл алынган. Кийинчерээк Ж.Мавлянов кара сөзгө ооп бир нече повесть, романдарды жарыялаган. Биринчи прозалык китеби - “Бекиш, сага эмне болду?” деген ат менен жарыяланган. Андан соң "Жалгыз бутактуу арча", "Турмуш", "Айылым жана айылдаштарым" сындуу повесть, аңгемелери жарыяланган. Жазуучунун "Ачык асман", "Кайрымсыз жылдар", "Бийиктик" сындуу романдары улут адабиятынын жанрдык арымын кеңейткен.
Ж.Мавлянов көптөгөн очерк жана публицистикалык макалалардын автору. Жазуучунун айрым чыгармалары өзбек, тажик, латын, татар тилдерине которулган. Ошондой эле жазуучу - Мунгуновдун “Кара шамал” повестин жана Сухомлинскийдин “Балама кат” аттуу китебин кыргыз тилине которгон.
Жунай Мавляновго "Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген мугалими", "Эл агартуунун отличниги" деген наам берилген. Ж.Мавлянов СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Улуу Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени, “Ардак белгиси” медалы жана башка сыйлыктар ыйгарылган.
Кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавлянов автокырсыктан 2003-жылы каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан