26- Октябрь 2002 -жылы
Москвадагы театрлаштырылган борбордо террорчулар барымтага алган кишилерди бошотуу учурунда 130 киши каза тапкан
23-октябрда Дубровкадагы театралдык борбордо “Норд-Ост” мюзиклине келген миңге жакын киши чечен жикчили Мовсар Бараев башында турган куралдуу топ тарабынан барымтага алынган. Барымтачылар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. 26-октябрда таңга маал коопсуздук күчтөрү театрга тымызын газ жиберишкен. Бир топ жардыруулар болуп, октор атылган. Жыйынтыгында террорчулар барымтага алган кишилерди бошотуу учурунда 130 киши каза тапкан.