Грузин элинин демократ акыны, жазуучусу, коомдук ишмер Илья Чавчавадзе Кахетия өрөөнүндө княздын үй-бүлөсүндө туулган.
Ата-энесинен эрте жетим калып эжесинин колунда тарбияланган. Алгач Тифлисидеги гимназиядан билим алып, аны бүткөндөн кийин билимин улантыш үчүн 1957-жылы Петербург университетинин юридикалык бөлүмүнөн кирип окуган.
Анын өмүрүндөгү эч качан эстен чыккыс жылдары – студенттик мезгили болгон. Ал “Грузин энеме”, “Грузин студенттеринин ыры”, “Буурусунчу”, “Муша”, “Акын”, “Өлсөм мейли, жүрөгүмдө коркуу жок” сыяктуу белгилүү ырларын, “Каракчынын өмүрүндөгү болгон окуялар” деген поэмасын, “Көрүнүш”, “Эне жана уул” поэмаларынын биринчи варианттарын, “Жакырдын баяны”, “Ушу дагы адамбы?”, “Отардын жесири” өңдүү повесттерин жазып, Пушкин, Гете, Шиллер, Лермонтов, Гейне, Байрон,
В. Скоттун айрым чыгармаларын өз эне тилине которгон.
Ал студенттердин арасына революциялык көз караштарды тайманбай тараткандыгы үчүн университеттен чыгарылган. 1961-жылы өз мекенине кайтып келип, грузин адабиятындагы революциячыл демократиялык багыттын башында турган. Грузиядагы улуттук боштондук кыймылынын көрүнүктүү өкүлү Чавчавадзе 1871-жылы Париж коммунасынын кыйрашын өзүнүн жеке азабы катары маанайда кабыл алып, “Коммуна кулаган күн” аттуу ырын жазган.
Анын дүйнөгө болгон көз карашы, ага болгон умтулуусу орус революционер демократтарынын негизинде калыптанган. Өз мекенинде “Тергдалеулеби” кыймылын уюштуруп, грузиндердин сабатсыздыгын жоюу комитетинде көп жыл иштеп, 1877-1902-жылдары “Иверия” газетасын редакциялаган.
Акындын чыгармалары грузин адабиятын өнүктүрүүгө, адабий тилин калыптандырууда тийгизген таасири зор. Орус эли менен грузин элинин бекемдигин, биримдигин ачык эле жактаган патриот акын болгон.
Жазуучунун чыгармаларын кыргыз тилине А.Токомбаева, С.Эралиев, Т.Байзаков, С.Жусуев,
К.Бобулов, С.Тургунбаев, Н.Жаркынбаев, К.Жуманазаров, Т.Самудинов, С.Акматбекова,
Ж.Саалаевдер которушуп, окурмандарга тартуулашкан.