Саясий ишмер, “Содружество” партиясынын лидери Өмүрбек Субаналиев Талас шаарында туулган. Ал 1981-жылы СССР ИИМ Карагандадагы Милициянын Жогорку мектебин аяктаган.
Эмгек жолун 1981-1986-жылдары Талас облусунун ИИБ кызматкери болуп иштөөдөн баштаган.
1986-1989-жылдары – Фрунзе шаарындагы Ленин ИИБ кызматкери;
1989-1990-жылдары – Аламүдүн ИИБ ОБХСС башчысы;
1990-1991-жылдары – Ысык-Көл облусунун Пржевальск шаарынын ИИБ башчысынын орун басары;
1991-1992-жылдары – Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын ИИБ башчысы;
1993-жылдын март айынан тартып ошол эле жылдын майына чейин – Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын ИИБ башчысы;
1993-1994-жылдары – "Улуттук ар-намыс жана прогресс" ассоциациясынын вице-президенти;
1994-1995-жылдары – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Салык полициясынын Оперативдүү тергөө башкармалыгынын башчысы;
1995-1997-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, паракорлук жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү комиссиясынын төрагасы;
1997-1998-жылдары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлигинин Ош облусундагы башкармалыгынын башчысы;
1999-жылы – "Феликс Куловдун коомдук фондунун" директору;
2003-жылы – Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын кызматкери;
2003-жылы, сентябрь – Нарын облусунун ИИБ башчысы;
2005-жылы, 24-март – Бишкек шаарынын ИИБ башчысынын милдетин аткаруучу;
2005-жылы, 13-май – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын ИИБ башчысы;
2005-жылы, 18-июль – отставкага арызын жазган, ошол эле учурда Баткен облусунун ИИБ башчылыгынын кызматынан баш тарткан;
2005-жылы, 24-ноябрь – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
2006-жылы, 6-ноябрь – КР Ички иштер министринин м.а.;
2007-жылы – Президенттин администрациясынын коргоо, коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы;
2008-жылы, январь – 2009-жылы – Нарын облусунун губернатору;
2010-жылы, 12-июнь – Ош облусунун ИИБ башчысы, 7 күн иштеген.
2019-жылы 4-февралда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалган.