3- Ноябрь 2012 -жылы "Кара-Суу" базарында даараткана урап, ичине 19 адам түшүп кеткен

2012-жылдын 3-ноябрында “Кара-Суу” базарында кыйроого учураган дааратканага 19 адам түшүп кеткен. Кырсыктан 4 адам каза болуп, 12си ооруканага жеткирилген. Көз жумгандар "Кара-Суу" базарына соода кылып келгендер болгон. Алар: Базаргүл Ураимова – 1973-жылы туулган, Ноокат районунун тургуну; Барниса Аманова – 1961-жылы туулган, Кара-Суу шаарынын тургуну; Меңдайым Паизова – 1958-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну; Абдинасир Каримов – 1995-жылы туулган, Базар-Коргон районунун тургуну.

40 орундуу бул даараткананы 2003-жылы ошол учурдагы "Кара-Суу" базарынын ээси, маркум Баяман Эркинбаев курдурганы айтылып келет. Кырсык учурундагы ээси Муса Абышев аны 2007-жылы сатып алганын айткан. Алдын ала тергөө иштери боюнча, даараткананы курууда негизги эрежелер бузулгандыгы жана тиешелүү уруксат кагаздары жок экендиги билинген. 2006-жылы Кара-Суу райондук администрациясы тарабынан бул курулуштун эксплуатациясына макулдук берүү жөнүндө чечим чыгарылган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан