1- Ноябрь 1917 -жылы балкар акыны Кайсын Кулиев туулган
Балкар акыны, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын ээси Кайсын Кулиев Кабардин-Балкар АССРинин Чегем районунда туулган.
Ал 1935-1937-жылдары Москва шаарындагы А.В.Луначарский атындагы ГИТИСте окуган. 1937-жылы “Таңга салам” аттуу туңгуч ыры жарык көргөн. Улуу Ата Мекендик согушка чейин эле жер табиятын жүрөгү менен сезе билген чебер лирик акын экендигин көрсөткөн. “Тоо суусунун шыңгыр ыры”, “Жамгыр жаады жолдо баратсак” деген ырларын жазган. 
Согуш учурунда өлүм менен өмүрдүн ортосунда жүрүп, душманга болгон жек көрүүсү күчөп, элди жеңишке үндөп, чакырык түрүндө жазган “Менин сөзүм”, “Чегилбей калган папиростор”, “Жашоо керек”, “Жараланган таш” сыяктуу бир топ чыгармаларды жараткан. 
Акындын 1939-1945-жылдары жазылып, 1957-жылы жарыяланган “Менин коңшуларым” аттуу көлөмдүү лирикалык цикли согуш мезгилинде совет элинин көрсөткөн эрдигин даңазалаган.
1945-жылы, согуш бүткөндөн кийин акын кыргыз жергесине келип бир топ жыл жашап, Кыргызстан Жазуучулар союзунда иштеген.
1946-жылы 27-апрелде республикалык “Комсомолец Киргизии” гезитине анын “Жаңы жаза баштаган акындардын ырлары жөнүндө” аттуу макаласы жарыяланып, адабий сынчылардын арасында кызуу талаштарды жаратып, сынчы катары да адабий чөйрөгө белгилүү болгон.
К.Кулиев адабият чөйрөсүнө акын катары эле эмес, котормочу катары да кеңири таанылган.
Кыргыздын белгилүү жазуучулары К.Маликовдун, Н.Байтемировдун, С.Шимеевдин, Н.Жетикашкаеванын аңгемелерин, Т.Сыдыкбековдун “Тоо балдары”, 1956-жылы О.Орозбаев менен биргелешип “Тоо арасында” романдарын орус тилине которгон.
1947-1951-жылдары ал согуштан кийин балкар элинин өткөн тарыхына кайрылып “Капчыгай ырлар” циклин, 1954-1955-жылдары “Ысык-Көлдө жазылган ыр”, “Көк тунук”, “Көлгө кайрылуу”, “Тоолор”, “Ак-Суу капчыгайы”, “Чолпон-Ата” сыяктуу кыргыз жеринин керемет сулуулугуна, ажайып кооздугуна, табиятынын тазалыгына суктанган ырларын жазган. 
Акын “Тоолуктардын Ленин жөнүндөгү поэмасында” (1959-1960) улуу көсөмдүн идеяларынын өлбөс-өчпөстүгүн даңазаласа, “Жаралуу таш” ырлар жыйнагында балкар элинин турмушун, кажыбас кайратын ачык чагылдырган. Ошол жыйнагы 1966-жылы М.Горький атындагы Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон.
К.Кулиевге “Жер китеби” жыйнагы үчүн 1974-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Чыгармалары дүйнө элдеринин көп тилдерине которулган.
Адабиятка кошкон ири салымы үчүн ордендер, медалдар менен сыйланган.
Ал 1985-жылы 4-июнда 67 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан