Орус элинин атактуу окумуштуусу, гуманист, табият таануучусу, географ, зоолог жана саякатчысы Николай Северцов Воронеж шаарында туулган. Ал 1846-жылы Москва университетин бүткөн.
Саякатчы-окумуштуу өзүнүн жаштык жалынын, чыгармачылык талантын, күч-кубатын Орто Азияны изилдөөгө арнаган. 1857-жылдан тартып 23 жылдын ичинде ал Казакстан менен Орто Азиянын ар түрдүү бөлүктөрүнө 7 чоң экспедиция уюштурган. Саякатчынын маршруттары – Төмөнкү Волгадан Жунгар тоолоруна, Батыш Сибирден Түштүк Памирге чейинки чоң аймакты кучагына алган.
1864-жылы анын ойлогон ою ишке ашып биринчи саякаты Чүй, Талас, Чаткал өрөөндөрүн жана аларды курчап турган тоолорду көздөй багытталган. Северцов бул экспедициянын убагында Чүй өрөөнүн, Кыргыз Ала-Тоосун жана Батыш Тянь-Шань тоолорун изилдеген. Чымкенттин, Пишпектин, Олуя-Атанын, Меркенин айланасын, Таластагы жана Чаткалдагы сууларды, алардын агымын өсүмдүк жана айбанаттар дүйнөсүн изилдеп, пайдалуу кендер жаткан жерлерди белгилеген жана Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк тарабынын геологиялык жаңы картасын түзгөн.
Ал 1867-жылы 15 адамдан турган экспедиция менен Верныйдан (Алма-Ата) Борбордук Тянь-Шанды көздөй экинчи жолу чыгып, мурда европалыктардын эч кимиси келе элек Тянь-Шандын сырттарына барган саякатчынын бул белгилүү экспедициясы “Нарынга жана Ак-Сайга экскурсия кылуу” деген эмгегинде кеңири баяндалган.
Саякатчы-окумуштуу Орто Азиядан кайтып келери менен үч-төрт жылдын ичинде болгон кол жазмаларды, миңдеген коллекцияларды изилдеп чыгып, Орто Азиянын географиясы боюнча орус жана чет тилдеринде 20 дан ашык эмгеги жарыялаган. Анын “Түркстан крайы боюнча саякат” жана “Тянь-Шань тоолуу өлкөсүн изилдөө”, “Түркстандык айбандардын вертикалдык жана горизонталдык жайланышы”, “Аркарлар” аттуу монографиялары Орто Азиянын физикалык географиясына негиз салуучу классикалык эмгектердин катарына кирет.
Северцов экспедициялардын мезгилинде жергиликтүү калктын чарбасын, үрп-адаттарын, жашоо турмуштарын да кеңири үйрөнгөн. Анын эмгектеринен Кыргызстандагы элдин дыйканчылыгынын абалы, жерди сугаруу шарттары, тигил же бул жердин табигый ресурстары жана аларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү тууралуу ар кандай маалыматтарды кезиктирүүгө болот. Кыргызстандын территориясы үчүн так карталарды түзүүдө Кыргызстандагы географиялык аттарды үйрөнүп, аларды картага жергиликтүү тилде туура жазууга аракет жасаган. Кыргыз Ала-Тоосу, Ак-Сай, Нылды, Оттук жана башка топонимдер анын эмгектеринен кийин географиялык картадан бекем орун алган.
Кылым өтсө да окумуштуу өзү айткандай “Орто Азия менин өмүрүмдүн илимий максаты болуп калды” дегендей Кыргызстандын аймагын изилдөөгө арналган эмгектери Кыргызстандын табиятын, өзгөчө жер бетинин түзүлүшүн, геологиясын, байыркы мөңгүлөрүн, жаныбарлар дүйнөсүн, тоо арасындагы өрөөндөрдүн байыркы тарыхын үйрөнүүдө, окумуштууларга эң так маанилүү маалыматтарды берет.
Северцовдун илимий эмгегин Орусиядагы жана чет өлкөдөгү илимий коомдор жогору баалап, аны өздөрүнүн ардактуу мүчөсү кылып шайлашкан. Орус географиялык коому 1878-жылы окумуштуунун Фергана менен Памирдеги сонун изилдөөлөрүн эске алып чоң алтын медаль менен сыйлаган.
Окумуштуу бар болгону 58 жыл жашап өмүр сүрсө да анын 27 жылын илимге арнаган. Ушул мезгилдин ичинде өзүнүн атын илимий дүйнөгө тааныткан анын жүзгө жакын эмгеги жарыяланган.
Анын ысымы менен Пётр I кырка тоосундагы чоку, Памир, Иле Ала-Тоосундагы мөңгүлөр, айрым жаныбарлар жана өсүмдүктөр аталган.
Ал 1885-жылы дүйнөдөн кайткан.