10- Ноябрь 1925 -жылы Сынчы, философ, психолог, адабий сынчы, коомдук ишмер Азиз Салиев туулган
Сынчы, философ, психолог, адабий сынчы, коомдук ишмер Азиз Салиев Тоң районуна караштуу Күн-Чыгыш айылында туулган.
1940-жылы Кыргызстан мамлекеттик педагогикалык институтунун алдындагы даярдоо курсунда, кийин тил, адабият факультетинде окуган. Бир жыл өткөндөн кийин армияга чакырылып, аскер мектебин бүтөт да взводдун командири болуп, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан.
1944-жылы Венгрияны бошотуудагы согушта катуу жарадар болуп кайткан.
Армиядан кийин пединституттагы окуусун 1947-жылы бүтүрүп, СССР Илимдер академиясынын философия институтунун аспирантурасында окуп, 1951-жылы философия илимдеринин кандидаты болгон.
1952-1953-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин марксизм-ленинизм кафедрасында улук окутуучу, Кыргызстан КП Борбордук Комитетинин алдындагы республикалык партиялык мектептин тарых, диалектикалык материализм кафедрасынын жетекчиси, 1953-1959-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын төрагасы, 1959-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын философия жана укук институтунда адегенде сектор башчы, анан директор болуп иштеп келет. А.Салиев бир нече философиялык китептердин автору. “Умственная жизнь и мышление в образах", “История киргизского искусства", “Изобразительное искусство Киргизии", “Искусство и человек", “Национальное и интернациональное в искусстве", “Наука разоблачает религию" китептеринин түзүүчүсү, редактору жана авторлошу.
1953-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти.
Кыргыз совет адабиятына сиңирген эмгеги жана илимий иштери үчүн эки жолу "Ардак белгиси" ордени, В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына “Каарман эмгеги үчүн" медалы, "1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн", "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин аяктаганына 20 жыл", "СССРдин куралдуу күчтөрүнө 50 жыл", "Улуу Атамекендик согуштун жеңишине 25 жыл", "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке отуз жыл" медалдары менен сыйланган. 1985-жылы “Кыргыз ССРинин илимдерине эмгек сиңирген ишмери» деген наам берилген.
Азиз Салиев 2012-жылы дүйнөдөн кайткан. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан