Испан акыны Хуана Инес де Асбахе-и-Рамирес де Сантильяна Сан-Мигельде-де-Непантла кыштагында туулган. Ал үч жашында окуганды үйрөнүп, алты жашында кадимкидей кат жазган. Алгачкы ыр жазуу тажрыйбасы да ушул өспүрүм кезине таандык.
Кимдир бирөөлөрдөн Мехикодо ар кандай илимге үйрөткөн университет бар деп угуп, алты жашар кыз өзүн эркекче кийим кийинтип ошол окууга жөнөтүүсүн өтүнүп, апасынан жалынып суранат. Бирок ал ишке ашкан эмес. Кичинекей Хуана чоң атасынын китепканасынан китеп алып окуганын эч токтотпойт. Жазалоо менен баш ийдире албасын түшүнгөн ата-энеси 8 жаштагы Хуананы борборго жиберүүгө аргасыз болушкан. Ал латын тилин үйрөнүүгө бүт күчүн жумшап, жыйырма жолу сабак алгандан кийин эле латын тилинде эне тилиндей сүйлөп калган.
Акын Мексикадагы вице-падышанын ак сарайында ыр жазган. Өзгөчө таланты бар кыз жөнүндө сөз кыла башташат. Вице-падышанын аялы Хуана Инестин акылына жана сулуулугуна таңданып, анын билимин сыноо үчүн атайын сынак уюштурган. Экзаменаторлордун милдетин падышалыктагы эң мыкты теолог, философ, математик, тарыхчы, адабиятчылар аткарышкан. Хуана бул оор сыноодон кыйналбай өтүп, ар бир суроого терең, мазмундуу жооп берген. Жаш акындын билими жана таланты жөнүндө сөз элге дуу тараган.
Ошентип Хуана Инес де Асбахе Мексика хан сарайындагы биринчи айым болуп калган. Анын акылы жана сулуулугу падышалыктын ичинде ага урмат-сый алып келген. Аны сыйлап, таазим эткендер өтө көп болуп, ал ак сарайдагы майрамдарды кооздоп, көркүнө чыгарып турган. Ошол учурда Хуана Инес 14 жашта болгон. Ал эми 16 жашында монастырга кеткен.
ХVII кылымдын экинчи жарымында Мексиканын жүз миң киши жашаган борборунда эркектер жашаган 29 монастырь, аялдар жашаган 22 монастырь болгон. Ошол кезде монастырь-мектептери кедей адамдардын балдары, кыздары үчүн билим, илим алуунун жапжалгыз булагы болгон. Ошентип Хуана 26 жылдык өмүрүн монастырда өткөргөн. Замандаштары аны "Онунчу муза", "Мексика феникси" деп аташкан. Ал тирүү кезинде поэзиясы менен даңкталган акын болгон. 1695-жылы келте эпидемиясы күчөп, ооруган кечил аялдарды дарылап жүрүп, өзү да оору жуктуруп алып, 1695-жылы 17-апрелде каза болгон.