13- Ноябрь 1957 -жылы VI чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Мухтарбек Айнакулов туулган
VI чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Мухтарбек Айнакулов Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка айылында туулган. 1977-жылы ВГИКке өткөн. 1981-жылы ГИТИСтин (Мамлекеттик театралдык искусство институту) актёрдук факультетине өтүп, аны 1983-жылы аяктаган.
Эмгек жолун 1983-жылы Ысык-Көл драма театрында актёр болуп иштөө менен баштаган. 
1986-1990-жылдары — Ленинграддагы мех чыгаруучу "Рот-Фронт" бирикмесинде кызматкер;
1991-2005-жылдары — ишкердик жана чыгармачылык менен алектенген;
2007-2011-жылдары — "Бишкекфильм" студиясында режиссёр;
2012-2014-жылдары — Бишкек эркин экономикалык аймагындагы (ЭЭА) "Сакчы" ишканасында директордун орун басары;
2014-жылдан 2015-жылдын 3-августуна чейин Бишкек ЭЭАдагы "Сервис" ишканасынын алдынкы адиси болуп иштеген.
Ал эми 2015-жылдын 28-октябрынан тарта КСДПнын тизмеси менен 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. КСДПга 2000-жылдан бери мүчө.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан