18- Ноябрь 1941 -жылы Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфилов каза болгон
Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфилов 1893-жылы 1-январда Орусиянын Петровск шаарында туулган. Ал 1918-жылы Кызыл Армияда кызмат өтөп, Граждандык согушка (1918-1920) катышкан. 1923-жылы Украинанын Киев шаарындагы Бириккен жогорку аскер окуу жайын бүтүрүп, 1938-1941-жылдары Кыргыз ССРинин аскер комиссары болуп иштеген. 1941-жылы июлда Улуу Ата Мекендик согушта Түндүк-Батыш, Батыш фронтторунун 316-аткычтар дивизиясынын командири болуп, октябрь, ноябрь айларында анын дивизиясы Москваны коргоодо эрдик көрсөткөн. Иван Панфилов 48 жашында согуш учурунда жанында жарылган жардыргыч заттан улам оор жаракат алып курман болгон. 1942-жылы 12-апрелде ага Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйыгарылган. Анын эстелиги Казакстандын Алматы шаарында, Кыргыз мамлекетинин борбору Бишкекте жана өзү курман болгон Гусенёво айылында орнотулган. Ошондой эле анын ысымы Орто Азия өлкөлөрүндөгү жана СССРдин аймагындагы мектептерге, шаарларга жана көчөлөргө ыйгарылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан