Электротехниканы жакшылап өздөштүрүп, 1877-жылы кесиптеши экөө электрдик жарыктандыруу менен алектенген компанияны негиздешкен. 1881-жылы Париждеги көргөзмөдө бир нече ойлоп табууларын (анын ичинде электр лампалары жана динамо-унаалары бар) элге тартуулаган.
1881-жылы Англияга көчүп барып, курал жасоо менен алектене баштайт. 1888-жылы кесиптеши Норденфельт менен биргеликте замбирек жана пулемётторду жасап чыгаруучу ишкана ачкан. Конструктордун жасаган куралдары Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда колдонулган. Х.Максим мындан тышкар, астманы дарылай турган ментол ингаляторун дагы ойлоп тапкан.