28- Ноябрь 1979 -жылы
Антарктидада экскурсиялык каттамда жүргөн Жаңы Зеландиянын DC-10 учагы Эребус тоосуна урунуп, кыйроого дуушар болгон
Антарктидада экскурсиялык каттамда жүргөн Жаңы Зеландиянын DC-10 учагы Эребус тоосуна урунуп, кыйроого дуушар болгон. Учактагы 257 кишинин баары көз жумган.
Мындай экскурсиялык учууларды авиакомпания 1977-жылдан баштап жүргүзүп келген. Учак Жаңы Зеландиянын Окленд аэропортунан чыгып, Антарктидага жеткенде жүргүнчүлөргө кооз жерди көрсөтүү максатында төмөндөгөн. Экипаж биринчи жолу Антарктидага бара жаткандыктан жана керек болгон бийиктиктен көбүрөөк төмөн түшүп кеткендиги үчүн кырсык келип чыккандыгы аныкталган.