5- Декабрь 2009 -жылы Орусиянын Пермь шаарындагы "Хромая лошадь" түнкү клубунда өрт чыгып, 156 киши каза болгон
Орусиянын Пермь шаарындагы "Хромая лошадь" түнкү клубунда өрт чыгып, 156 киши каза болгон. 
Ал күнү клубдун ачылышынын 8 жылдыгы өткөрүлүп жаткан. Клубда болгону 50 гана орундук болсо, коноктордун саны 300гө жеткен. Имараттын ичинде фейерверк аттырышкан, андан чыккан оттун учкундарынан шыптардагы мажурум талдан жасалган жасалгалоо өрттөнгөн. Өрттүн бат жайылышына дубалдын дагы пластик жасалгалоосу жана пенопласт себеп болгон. Өрттү байкаган алып баруучу бардык кардарларды имараттан чыгууну өтүнгөн, бирок алардын саны жана эмеректин көптүгүнөн, имараттан чыгуу оор болгон. Күйүп жаткан пластмассадан уулу түтүн чыгып, жарык өчүп, кардарлар дүрбөлөңгө түшүп, тыгын пайда болгон. Кырсык тууралуу имараттан чыккан кардар клубдан 100 метр алыстыкта жайгашкан өрт өчүрүүчү бөлүмгө кабарлаган. Бирок өрттү өчүрүү иштери имараттын ичинде каза болгондорду жана жабыр тарткандарды эвакуациялоо үчүн токтотулган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан